Мас милиционер кимдин кабыргасын сындыра сүзгөн? (видео)

841

Мас абалында аварияга себепкер болгон милиция кызматкери жоопкерчиликтен кутулуп, жабыркагандарга жардам берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу жол кырсыгында катуу жаракат алган жубайлар билдиришти. Авария эки жарым ай мурда Кара-Балта шаарында болгон. Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жол кырсыгына себепкер тартип сакчысына алгач дисциплинардык эле чара көрүлгөн. Бирок кийин тергөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкери мас абалында машина айдап, авария болуп эки адамды жабыркатканы аныкталган соң жумуштан четтетилген. Ал эми жол кырсыгынан кийин комада жатып, араң эсине келген жубайларга эми операциялар жасалышы керек.