Мас милиционерлер кайрадан ок атыштыбы? (видео)

830

Милиционерлердин катышуусундагы кезектеги жаңжал. Бишкекте тартип сакчыларынын катышуусунда 2 жолу ок атышуу болду. Алардын бирин Ички иштер министрлиги расмий түрдө ырастап, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Экинчиси факт азырынча тактала элек. Бул жаңжалдар 5-октябрда, Кылмыш иликтөө кызматынын күнүн майрамдоодо болгон.

Биринчи ок атуу Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы түнкү клубдун унаа токтотуучу жайында болгону айтылууда. Анда тартип сакчылары мас экени жана алар асманга карай ок чыгарганы белгилүү. Экинчи окуяда болсо, Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын оперативдик кызматкери ок атып, окуя болгон жерден качып кеткен.