Мас мугалимдердин мушташы эмне менен аяктады? (видео)

1261

Жогорку окуу жайында арак ичип, мушташкан мугалимдерге кандай чаралар көрүлөт? Кыргыз Техникалык университетиндеги окуя боюнча учурда кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы үч күндө чыгат. Окуу жайдын ичинде спирт ичимдигин ичкени аз келгенсип, милиция кызматкерлерине баш ийбей, чыр чыгаргандардын арасында — профессорлор, илимдин кандидаты да бар экен. Кыргыз техникалык университети ушуну менен жыл башынан бери экинчи жолу чыр-чатакка илешип отурат. Бул ирет бир мугалим сабалып, ишке милиция аралашууга туура келди. Мындай жосунсуз жоруктар катталган окуу жайда студенттерге кандай билим берилип жатканы суроо жаратпай койбойт.