Мас прокурор мушташка жол бергенби? (видео)

538

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда Балыкчы шаарынын прокурору жана анын эки жардамчысы кызматтарынан четтетилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Эске салсак, мындан эки күн мурда Балыкчы шаарынын прокурорунун жардамчылары жол инспекторун сабап салышкан.

Натыйжада, тарип сакчысынын баш мээси чайкалып, ал ооруканага жаткырылган. Окуя болгон учурда прокуратура кызматкерлери мас экени аныкталып, алар менен кошо шаардын прокурору да жүргөн деген маалыматтар айтылууда. Учурда мушташтын себептери териштирилип, кызматтык иликтөө жүрүп жатат.