Маселени тапанча аркылуу чечкен окуялар көбөйүүдө (видео)

5766

Мурдагы кайинисине кол салып, ага карата трамватикалык куралдан ок чыгарган эки адам кармала элек. Милициянын айтымында, бул боюнча «адам өлтүрүүгө далалат кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделүүдө. Ал эми денесинин беш жерине ок жеген жабырлануучуга операция жасалып, ал ооруканада.

Бул окуя бир апта мурда катталганы менен коомчулукка эми гана белгилүү болууда. Айрым маалыматтарга караганда, адамга ок чыгарып, изин жашырып жүргөн шектүүлөр белгилүү ишкерлердин балдары. Акыркы убакта коомчулукта маселени тапанча аркылуу чечкен окуялар көбөйгөнү байкалууда.