Машина уурдагандар көбөйдү (видео)

752

Быйыл январь айында эле Кыргызстан боюнча 48 унаа уурдоо фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди. Тартип сакчыларынын айтымында, уурулар Хонда, Фольксваген, Мазда, Мерседес, Ауди, Тойота, жана БМВ үлгүсүндөгү унааларга көз артышат. Ошондой эле, кылмыштарды көп учурда түнкүсүн жасашат. Адистердин айтымында, уурдалган унаалардын басымдуу бөлүгү тетиктерге сатылып кетүүдө.