Машиналар күздөн баштап камсыздандырыла баштайт (видео)

977

Транспорт каражаттарын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам күздөн тарта иштей башташы мүмкүн. Учурда бул документ коомчулуктун талкуусуна чыгарылды. Демилгечилер мындай кадамга барып жатканынын башкы себеби катары соңку жылдары өлкөдөгү жол кырсыктарынын саны эки эсеге өскөнү себеп болгонун айтышууда. Бул демилгени өлкөдөгү айдоочулар менен иш алып барган коомдук бирикмелер дагы колдоого алышууда. Себеби Борбордук Азияда автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу эрежеси иштебеген Кыргызстан гана калыптыр.