Машинаны номуру жок айдап жүргөндөргө жаза жеңилдеди (видео)

944

Жаңы кодекске ылайык унаанын мамлекеттик каттоо белгиси жок болсо же машинанын документтери менен номуру дал келбесе, анда айдоочу 1 000 сом айыпка жыгылат. Эми мурдагыдай жол инспекторлору автоунааны атайын жайга токтото албайт.

Анткени 1-январдан тарта ишке кирген «Бузуулар жөнүндөгү кодексте» бул нормалар каралган эмес. Учурда документке өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети көрүлүүдө. Мурда унааны номуру жок айдап жүргөндөрдүн машинасы айып жайга токтотулуп, 5 миң сом штраф салынчу.