Масленицадан божомол: быйыл жаз эрте келеби? (видео)

861

Даамдуу куймак, өрттөлгөн каракчы жана шаңдуу ыр-бийлер. Кыргызстанда масленицанын акыркы күнү майрамдалды. Ал эми бүгүнтөн баштап православ христиандарында чектеп тамактанууну талап кылган «пост» мезгили башталды. Бишкекте бул майрамды Кара-Жыгач багында белгилөө адатка айланган. Аны майрамдоого шаарыбыздын жүздөгөн тургундары чогулган. Чогулгандарга шаңдуу оюн-зоок программасы сунушталды. Айрым оюндарга шамдагайлар менен эр жүрөктөр гана катышып, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.