Матраимовдор 60 млн сомдук доосунан баш тартабы? (видео)

2582

Матраимовдор «Азаттык», «Kloop.kg», «24.kg» редакцияларына жана журналист Али Токтакуновго койгон 60 миллион сомдук доосунан баш тартышы ыктымал. Бул тууралуу сот отурумунда доогерлердин өкүлдөрү билдиришкен. Бирок арыз ээлери бардык доосун кайтарып алуу үчүн аталган жалпыга маалымдоо каражаттарына бир шарт коюп жатышыптыр.

Ал буга чейин жасалган журналисттик иликтөөлөрдү төгүнгө чыгаруу. «Азаттык» менен «Kloop.kgнин» өкүлдөрү бул кадамга барбай турганын айтышууда. Бирок алар Матраимовдорго эфир бере ала турганын билдиришүүдө. Эки тараптын тиреши элдешүү менен аякташы мүмкүнбү?