Матраимовдор айланасындагы кызыкчылыктар кагылышы (видео)

701

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен финансылык чалгындоо кызматтарынын жетекчилеринин отставкасы талап кылынууда. Өлкөдө резонанс жараткан ишти акыйкат текшерүүдө кызыкчылыктар кагылышы болбош керек, дейт эксперттер.

Белгилүү юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, Финансы полициясы менен Чалгындоо кызматынын төрагаларынын Матраимовдорго тиешеси бар экени ачыкталгандан кийин, текшерүү адилет жүргүзүлөөрүнө эч ким ишенбейт. Анын үстүнө, алдын-ала жыйынтыкта буга чейин Матраимовдордун байлыгы боюнча айтылгандар тастыкталган жок деген сөздөр чыга баштады.