Матраимовдор өткөргөн иш-чарага барган депутаттар сынга кабылды

1710

Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага барган депутаттардын жоон тобу көпчүлүктүн сынына кабылды. Бул маселе социалдык тармакта эң көп талкууланган темага айланды. Ош областынын Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндө Жеңиш күнүнө карата жана бир тууган Матраимовдордун атасынын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлгөн.

Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баш болгон 20дай депутат, губернаторлор жана элчилер катышкан. Бирок көпчүлүк өлкөдө башка курч маселелер чыкканда эл менен жолукпаган депутаттардын, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов уюштурган иш-чарага барганын сындап чыгышты.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы дээрлик жарым жылдан бери Раим Матраимовдун мүлкү боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Бирок 4 айдан бери эч кандай маалымат жок. НТС телеканалынын журналисттери Финансы полициясына кайрылганда, маалымат берүүдөн баш тартышты.

Белгилей кетсек, аталган мекемеде Раим Матраимовдун бир тууган иниси Ислам Матраимов Ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгын жетектейт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.