Матраимовдордун доосунун өлчөмү азайды (видео)

878

Матраимовдордун үй-бүлөсү менен соттошуп жаткан медиалар ишти кароону Свердлов районунан Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү өтүнүчүн киргизишти. Бирок экинчи тарап муну процессти создуктуруу аракети катары баалады.

Буга чейин доогерлер «24.kg» маалымат агенттигине карата материалдык доодон баш тарткан. Ал эми «Азаттык» медиа жана «Kloop.kg» сайты Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн талабын аткарууга макул эмес.