Матраимовдорго болушкан төраганын сөзү талкуу жаратууда (видео)

601

Текшерүү органдарына басымбы же сый көргөн үчүн сын айта албай жатабы? Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун парламенттин борбордук трибунасынан Матраимовдордун үй-бүлөсүн мактаганы кескин сынга алынууда.

120 депутаттын башында турган адамдын мыйзамсыз байыган деп текшерүү жүрүп жаткан Раим Матраимовду колдоп чыкканы туура эмес, дешет саясат таануучулар. Анткени Жумабековдун оозунан чыккан ар бир сөзү парламенттин пикири катары эсептелет. Финансы полициясы текшерип жаткан маалда төрага унчукпай, тилин тишине катып турушу керек болчу дегендер четтен чыгат.