Матрезерв фонду ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 10 миң тонна буудай сатып алат

6328

Материалдык резервдер фонду ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн 10 миң тонна буудай сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик матрезерв фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдирди. «Апрель айында мамлекеттик бюджеттен 411 млн сом бөлүнүп, апрель, май, июнь айларында Россиядан 33 миң тонна буудай алынган. Алар материалдык резервдер фондунун кампасында сакталууда», — деди ал.

Каракуловдун айтымында, 6-февралдагы өкмөттүн буйругуна ылайык, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында алардан 10 миң тонна буудай алуу маселеси турат. «Буудай Айыл чарба министрлиги тарабынан белгиленген квота боюнча сатып алынат. Бүгүнкү күнү Каржы министрлигинде акча маселеси каралып жатат. Акча маселеси чечилсе биз 10 миң тонна буудайды алууга даярбыз», деди фонддун төрагасынын орун басары.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.