Матрезервдер фондундагы ири мыйзам бузуу боюнча кылмыш иши козголду

967

Материалдык резервдер фондундагы 7 миллиондук мыйзам бузуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматтарга караганда, 2016-жылдын 3-февралында мекеменин ошол кездеги жетекчиси менен Өзбекстан жана Латвиянын жеке компаниялары менен келишимдерди түзгөн.

Тараптар ортосунда минералдык жер семирткичтерди сатып алуу тууралуу мыйзамсыз контрактка кол коюу фактысы катталганы белгиленүүдө. Анын натыйжасында, мамлекетке 7 миллион 810 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталды.

Буга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин «ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу» жана «бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.