Мавлян Аскарбеков: «Автобустарга жол кирени 20 сомго чейин көтөрүү керек»

2066

Автобустарга жол кирени 2 эсе көтөрүү керек! Дал ушундай демилгени Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков көтөрүп чыкты. Анын пикиринде, Бишкекке 800 автобус керек, анын 500 сатып алуу үчүн Өзбекстан, Казакстан, Белорусь мамлекеттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.

Ал эми аталган өлкөлөрдө жайгашкан заводдор коомдук транспортторду 3-5 жылга бөлүп төлөө менен сатууга даяр экен. Мавлян Аскарбеков 2 жылда ал акчаны шаар тургундары үчүн жол кирени 2 эсе көтөрүү менен чогултуп алууга мүмкүн дейт.

Эске салсак, буга чейин жарандык активист катары элге таанылган Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.