Мечиттен уурдалган 900 миң сом табылды (видео)

3731

Бишкектеги Борбордук мечиттен уурдалган 900 миң сом каражат табылып, ээсине кайтарылып берилди. Кылмышка шектелип кармалган адам, ал сумманын 50 миңдейин коротууга жетишкени да маалым болду. Ал арада акыркы күндөрү борбор калаада уурулук фактылар көбөйүп баратканы байкалууда.

Эки күн мурда эле шаардагы маршруттук таксилердин биринен жүргүнчү 40 миң АКШ долларын уурдатып, милиция таап берген. Көп өтпөй соцкызматкермин деген аял калаа тургунунун ири суммадагы акчасын шыпырып кеткени да белгилүү болгон.