Мечиттерде уурулук кылгандар көбөйүүдө (видео)

948

Өлкөдө катталган кылмыштардын ичинен бети ачылбаган фактылардын эң көбү уурулук фактысы болуп саналат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Өткөн жылы 10 миң адамдын мүлкүнө кол салуу болуп, анын жарымынын гана бети ачылган. Быйыл 2 айда 429 факты катталcа, анын теңинин гана бети ачылган. Минтип кылмыштардын бетинин ачылбай жатышына милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн бат-бат алмашуусу да себеп дегендер да бар. Ошол эле убакта колу туткактардан жабыркаган жарандар милицияга кеч кайрылып жатышкандыктан, кылмыш бети ачылбай калууда.