Медер Исраилов: «Кыргызстанда иштеген 6 адам 5 пенсионерди каржылайт»

980

Кыргызстанда пенсионерлердин саны азыркыдай деңгээлде өсө берсе, бир нече жылдан кийин пенсия төлөө кыйын болуп калат. Бул тууралуу социалдык фонддун жетекчиси Медер Исраилов парламенттин отурумунда айтты.

Учурда өлкөдө иштеген 6 адам 5 пенсионерди каржылайт экен. 3-4 жылдан кийин, тескерисинче, 6 пенсионерге 5 адам туура келип калчудай болууда.

2016-жылы пенсионерлердин саны 13 миңге, былтыр 16 миңге көбөйгөн. Быйыл бул көрсөткүч 15 миңге жетет деп күтүлүүдө. Учурда Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. 2017-жылы пенсияга бюджеттен 42,5 миллиард сом сарпталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.