Медицина факультетинин студенттери эмнеге нааразы? (видео)

1107

Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери жана алардын ата-энелери ординатурада билим алуу мөөнөтүнүн узартылышына нааразы болушууда. Буга чейин болочок дарыгерлер ординатурада 2 жыл окуп келишсе, эми өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык 3 жыл окушат. Бирок мындай өзгөрүү кошумча чыгымга алып келүүдө, дешет студенттердин ата-энелери. Себеби практикалык билим алуу да бир топ каражатты талап кылат экен. Ал эми университет жетекчилигинин айтымында, бул аракеттер болочоктогу медиктердин сапаттуу билим алуусу үчүн гана жасалып жатыптыр.