Медицина жайлары санариптештирилүүдө (видео)

2168

Кургак учукту дарылоо жаатында жаңы заманбап технологиялар. Улуттук фтизиатрия борбору акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалды. Алардын жардамы менен аталган илдетти аныктап, анализдердин 7 түрүн текшерсе болот.

Автоматташтырылган жабдуулар оорунун кантип жукканын жана аны дарылоо жолдорун дагы аныктайт экен. Эң башкысы — мекемеде бейтаптарды кабыл алуу онлайн режимде жүрүп, анализдердин жыйынтыгы маалымат базага жайгаштырылат. Мындай ыкма ак халатчандарга да, бейтаптарга да ыңгайлуу.