Медициналык кызмат көрсөткөн ишкерлер текшерилиш керекпи? (видео)

1358

Жеке медициналык жайлар, дарыканалар жана сулуулук салондору эскертүүсүз текшерүүлөргө алынышы ыктымал. Дал ушундай демилгени камтыган мыйзам долбоору талкууга коюлду. Авторлордун айтымында, ишкердүүлүктү колдоо максатында бизнесмендерди текшерүүгө мораторий жарыялангандан кийин, коммерциялык негизде медициналык кызмат көрсөтүү тармагында башаламандык пайда болгон.

Мунун арты менен гепатит сымал кан аркылуу жугуучу ооруларды жуктургандардын саны көбөйгөн. Документ ишке кирсе, медицина тармагында кызмат көрсөткөн мекемелер жылына 2 жолу күтүүсүз текшерүүгө алына баштайт.