Мээ грыжасы менен төрөлгөн Малика жардамга муктаж (видео)

3394

Кичинекей Малика жардамга муктаж. 2 жашка толук чыга элек бөбөк кечээ 6-операциясын башынан өткөрдү. Ал тубаса жулун мээ грыжасы менен төрөлгөндүктөн, апасы аны тез арада Россиянын Новосибирск шаарында операция жасатууга муктаж.

Бирок жалгыз бой экенин буга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Учурда дары-дармегине жакындары көмөк көрсөтүүдө. Андыктан ал кайрымдуу калкка кайрылып, кайдыгер карабаган жарандарга жардам берүүсүн суранууда.