Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

932

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушул тапта Эстониянын Таллин шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына таянсак, Жуманазарова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Жуманазарова мелдештин жүрүшүндө төрт беттеш өткөрдү. Алгачкы мелдешинде украиналык Кристина Малявканы 11:0, экинчи беттешинде орусиялык Кахум Валиеваны 1:1, чейрек финалда канадалык Берит Жонсонду 10:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда америкалык Жэйден Лэй Лаурент менен күч сынашып, 11:0 эсеби менен жеңишке жетип, алтын байге үчүн күрөшүүгө укук алды.

Финалдык беттеште Жуманазарова жапониялык Наруха Матсуюки менен менен таймашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Дагы бир кыргыз балбаны Нариза Марсбек кызы 59 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшөт.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 12-августа башталган. Кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргызстандан үч балбан кыз катышып жатат. Эртең, 16-августта 57 килограммга чейинки салмакта Нураида Анаркулова күчүн сынайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.