НТС

Мегакомду швейцариялык компания сатып алабы? (видео)

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду швейцариялык компаниянын «Мегакомду» сатып алуу боюнча арызын карап жатат. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, бул жыл башынан бери «Альфателекомду» сатып алуу ниетин билдирген экинчи компания. Буга чейин жергиликтүү жеке ишканалардын биринен арыз түшкөн. Учурда Мегакомду сатуу боюнча мамлекеттик мекемелердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген жумушчу тобу түзүлдү. «Альфателеком» буга чейин 3 ирет аукционго коюлуп, бирок сатылбай калган. Эксперттердин айтымында, өкмөт убакытты өткөрбөш керек. Себеби жыл өткөн сайын анын баасы арзандап жатат.