Меккеге ажылыкка аттанган зыяратчылардын 1-тайпасы 16-июль күнү учат

1012

Сауд Арабиясы ажылык сапар үчүн кыргызстандыктарга кошумча 500 квота бөлүп берди. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, ажылык сапарды уюштуруу боюнча республикалык штаб бул орундарды аймактарга кишинин санына жараша бөлүштүргөн.

Ага ылайык, кошумча орундар буга чейин электрондук кезекке туруп, атайын эсепке алдын ала 500 доллар өлчөмүндө акча которуп койгондорго тийген. Алар дагы 2 миң 500 доллар төлөөгө тийиш.

Эске салсак, быйыл Мекке шаарына ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын биринчи тайпасы 16-июль күнү учуп кетишет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.