Мексикадагы зилзаладан курман болгондордун саны 200дөн ашты

769

Мексикадагы жер титирөөнүн кесепетинен өлгөн кишилердин саны 200дөн ашты. Associated Press агенттиги кабарлагандай, өлкөнүн баш калаасы Мехикодо кырктай имарат кыйрады, алардын арасында мектеп дагы бар. Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето урандылар астынан 22 кишинин сөөгү чыкканын, алардын көбү балдар экенин билдирди.

Мексиканын борбордук бөлүгүндө шаршембиге караган түнү болгон зилзаладан набыт кеткендердин саны кеминде 250гө жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кырсык болгон жерде куткаруучулар, аскерлер жана ыктыярчылар иштөөдө.

АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, зилзала күчү 7,1 баллга жеткен.