Мексикадагы зилзаланын курмандыктарынын саны 90го жетти

965

Сейсмологдордун билдиргенине караганда, Тынч океандын жээгинде Мексиканын Чьяпас штатындагы 7-сентябрдагы силкинүүнүн күчү 8,2 баллга жеткен. Жер титирөө улам-улам кайталанып жаткандыктан, жаратылыш кырсыгы болгон райондордун көптөгөн жашоочулары көчөлөрдө түнөшүүдө.

АКШнын Геология кызматы аймакта 4,5 жана андан жогорку баллдагы 60ка жакын жер силкинүүнү каттаган. Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньето өлкөдө аза күтүү күнүн жарыялады.