Мектеп, бала бакчалардын өрткө каршы даярдыгы кандай? (видео)

882

Өлкө боюнча өрт коопсуздугун камсыз кылуу чаралары күчөтүлүүдө. Экотехинспекция соода борборлорунда жана базарларда текшерүү иштерин баштады. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр социалдык мекемелерде инструктаж өткөрүп, өзгөчө кырдаал жаралган учурда өзүн кантип алып жүрүү керектигин үйрөтүп жатышат. Бүгүн адистердин бир тобу Бишкекте бала бакча менен жогорку окуу жайына баш багышты. Эң кызыгы студенттерге караганда, бакчадагы бөбөктөр коопсуздук эрежелерин жакшыраак өздөштүргөнү байкалды.