Мектеп босогосун бет кап кийип аттаган жеткинчектер (видео)

4229

Өлкөдө билим күнү белгиленди. Жаңы окуу жылынын башталышы менен 156 миң окуучу мектеп босогосун аттады. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу Биринчи коңгуроо салтанаты уюштурулган жок. Билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүлдү.

Белгилүү болгондой, 1-класстын окуучулары мектепте окуйт. Алардын билим алуусу үчүн атайын алгоритм иштелип чыккан. Ал эми калган балдар онлайн режиминде сабак алышат.