Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн сайрандоосуна тыюу салынат (видео)

927

Мектеп бүтүрүүчүлөрдүн сайрандоосу директордун кызматтан кетиши менен аяктады. Ошто жол тандабастар менен эс алган 11-класстын окуучуларынан айынан мектеп жетекчиси жумушунан бошотулду. Окуя 2 жума мурда Жапалак кичи районундагы Курманжан Датка орто мектебинин бүтүрүчүүлөрүнүн катышуусунда болгон.

Алар Сулайман-Тоого жол тандабастар менен барышкан. Бирок аларды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору кармашып, унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Быйыл өткөн жылдагыдай эле мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз ара акча чогултууга, бүтүрүү кечесин кафе-ресторандарда уюштурууга тыюу салынган.