Мектеп бүтүрүүчүлөрү уядан учушту (видео)

887

Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө орто аттестаттарды тапшыруу аземдери болуп өттү. Билим берүү министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча быйыл 60 миңден ашуун окуучу орто билим жөнүндөгү күбөлүктүн ээси болушту. Бул ирет мектепти бүтүрүү салтанаттары жылдагыдай эле ыр-майрам менен коштолуп, көңүлдүү өттү. Эми улан-кыздар алдында татаал жана жооптуу тандоо турат.