Мектеп директорлорун 6 жыл сайын алмаштырып туруу зарыл (видео)

1026

Мектеп директорлорун 6 жыл сайын алмаштырып туруу зарыл. Мындай демилгени айрым депутаттар көтөрүшүүдө. Алардын айтымында, бул тармактагы маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Ошол убакта, буга макул эмес парламентарийлер да арбын болуп, бул өз кезегинде, талаш-тартышка жем таштады. Эксперттердин пикиринде болсо, мектеп директорлорун алмаштырып туруу замандын талабы. Бирок бул суроого кылдат мамиле кылуу керек. Болбосо, билим берүү тармагы соккуга кабылышы мүмкүндүгүн айтышат.