Мектеп директору ата-энелерди бир талапкерге добуш берүүгө үгүттөдү (видео)

878

Ош областынын Кара-Суу районунда үгүт иштеринин жүрүшүндө административдик ресурстун колдонулуп жаткандыгы тууралуу бир нече фактылар катталды. Алсак, кечээ кечинде бир мектепте директору ата-энелерди чогултуп алып, КСДПнын талапкерине добуш берүүгө үндөп жатканы тартылган видео тасма бар. Талкуу жараткан дагы бир факты Кызыл-Кыштакта муниципалдык имаратта ошол эле кандидаттын штабы ачылганы. Бул одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет. Ал эми дагы бир кыштакта айыл башчынын үчү шайлоо участкасына айланган.