Мектеп директору ата-энелерди бир талапкерге добуш берүүгө үгүттөдү

1180

Мектеп директору ата-энелерди КСДПнын талапкерине добуш берүүгө үгүттөп жаткан дагы бир факты катталды. Бул окуя бүгүн түштөн кийин Ош областынын Кара-Суу районунун Сарай айылындагы Рахманалиев атындагы №71 мектептин ичинде болгон. Анда жыйналышка чакырылган ата-энелердин алдында мектептин директору ачык эле үгүттөө иштерин жүргүзүп, КСДПнын кандидатына добуш берүүгө үндөп жатканын көрүүгө болот. Бул видеотасманы НТС телеканалынын кабарчылары тартып алышкан.

Жыйналыш бүткөн соң, биздин кабарчылар мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзгөн мектеп директору Малика Рахманалиевага кайрылганда, ал мамлекеттик кызматкерлер агитация жасоого болбоорун билген эмесмин, деген жооп кайтарган. Эскерте кетсек, буга чейин иш учурунда мындай мыйзамсыз үгүттөө иштери Араван районунун Юсупов айылында болгон.

Анда айыл өкмөт башчысы Шукурулло Файзуллаев дагы жергиликтүү тургундарды чогултуп алып, КСДПнын талапкерине добуш берүүгө үндөп жатканын «Азаттык» радиосунун журналисттери тасмага тартып алган. Андан көп өтпөй эле, Юридикалык академиянын мугалими студенттерди Жээнбековго добуш салууга мажбурлап жатат делген, аудио тасма тараган.

Бул эки факты боюнча учурда Башкы прокуратура териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле, мыйзам бузган аткаминээрлерди жоопкерчиликке тартуу үчүн өкмөткө сунуш жөнөтүлдү.