Мектеп, эмканасы жок — унутта калган Кайнар айылы (видео)

1011

Ош областынын Өзгөн районунда тоолордун арасында 25 түтүн жашаган кыштак бар. Бул жакта мектеп, эмкана жок. Эң негизги көйгөй — жол. Кышкысын ал 6 айга чейин жабык турат. Жаан-чачында белчеден ылай болуп унаа менен жүрүүгө мүмкүн эмес. Жергиликтүү тургундар 6 чакырымдан ашык жерди ат менен же жөө басып өтүшөт.

Фельдшердик пункт жок болгондуктан айылдагы кыз-келиндердин көбү төрөтканага барбай, үйлөрүндө эле эмчи-домчулардын жардамы менен көз жарат. Жашоого эч кандай шарт жок бул кыштактын аты Кайнар.