Мектеп китептерин чыгарууда мамлекетке 33 миллион сом зыян келтирилген

666

Билим берүү министрлиги сапатсыз китеп чыгарып, мамлекетке 33 миллион сомдук зыян келтирген. Бул факты боюнча башкы прокуратура кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл органы текшерүү учурунда, окуу китептерин чыгарууда көп кемчиликтер кеткенин аныктаган.

Дүйнөлүк банк насыя жана грант катары 16,5 миллион доллар каражат болгон. Анын 4 миллионуна 5-класстын «Табият таануу», 6-класстын «География» китеби басып чыгарылган. Бирок китептерди иштеп чыгууну мойнуна алган ишкана келишимдин шарттарын бузуп, милдетин конкурстун талаптарына туура келбеген башка компанияга өткөрүп берет.

Ага кошумча жеке ишкана сунуштаган, стандартка туура келбеген вариант министрлик тарабынан бекитилген. Мунун кесепетинен былтыр сапатсыз китептер басып чыгарылган. Аларды кайрадан оңдоого 33 миллион сом коротулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.