Мектеп окуучулары онлайн сабактарга катышып жатышабы? (видео)

2696

Мектеп окуучулары онлайн сабактарга калтырбай катышып жатышабы? Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы дал ушул суроонун үстүнөн иш алып бармай болууда. Аталган мекеме акимчилик, милиция жана билим берүү борбору менен бирге текшерүү жүргүзүүгө белсенип жатыптыр. Негизги максат — балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өспүрүмдөр арасында тартип бузуунун жана кароосуз калуунун алдын алуу.

Бирок ошол эле маалда мугалимдер онлайн сабак өткөрүүдө техникалык жактан да бир топ көйгөйлөр бар экенин белгилешүүдө. Айрым окуучулардын үйүндө электр жарыгы өчүп калган болсо, кээ бирлеринин интернетинин ылдамдыгы өтө начар болушу ыктымал.