Мектеп окуучуларын үгүт иштерине аралаштырган мугалимдер жазаланабы? (видео)

1242

Кемин районунун Чым-Коргон айылында балдарды талапкер менен жолугушууга уруксатсыз алып кеткен мугалимдер түшүнүк кат жазышат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады. Эске салсак, кечээ Чым-Коргон айылындагы мектептин окуучулары 20 чакырым алыстыктагы район борборуна кичи автобустар менен ташылган. Ал жерде КСДП партиясынын талапкеринин жергиликтүү эл менен жолугушуусу өткөн. Балдарынын бул иш-чарага кетип жатканы тууралуу ата-энелер билген эмес. Алар катуу нааразы болуп, бул ишке тиешеси барлар жазалансын деп талап кылып жатышат. Адистер болсо, мектеп окуучуларын үгүт иштерине тартуу административдик ресурс колдонуу менен барабар экенин айтышууда.