Мектеп окуучуларына коркунуч жараткан ажаатканалар (видео)

1077

Ош шаарындагы бир катар окуу жайдарында жаңы туалеттер салынып, бирок алар сапатсыз курулгандыктан колдонууга берилбей турат. Анын кесепетинен окуучулар жана мугалимдер авариялык абалдагы кооптуу ажаатканаларга барууга мажбур. Ажатканалардын көпчүлүгүн убагында тиешелүү комиссия кабыл алып, бирок арадан 1-2 ай өтпөй алардын көпчүлүгү жабылган. Биринде суу акпай калса, экинчисинде канализациясы иштен чыккан. Мисалы 3600 окуучусу бар Киров мектеп-гимназиясынын жетекчилиги курулуш мекемесин сотко берүүгө даяр. Алар окуучулардын өмүрүн тобокелге сала албайбыз дешүүдө.