Мектеп окуучуларынын кооптуу оюндары (видео)

901

Кыздарды көтөрүп жерге чабуу ашкере орой өспүрүмдөрдүн кооптуу көңүл ачуусуна айландыбы же обу жок оюндан жапа чеккендер. Чүй областынын Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын мектебинде 7-класстын окуучулары 3 кызды күрөштүн атайын ыкмасын колдонуу менен жерге көтөрүп чапкандан кийин, алардын экөө ооруканага жеткирилген.

Ал кыздардын бирөөсүнүн баш мээси чайкалып, экинчисинин акырет сөөгү сынып кеткен. Бул боюнча жабыркаган кыздардын ата-энеси арызданган. Бирок ал өспүрүмдөр окуган мектептин жетекчилиги бул тууралуу маалыматты четке кагууда.