Мектепке электрондук каттоо башаламан башталды (видео)

9205

Балдарды бакчага жана мектепке онлайн-каттоо башталып, бирок тиешелүү портал байма-бай үзгүлтүккө учурап, бир топтордун ачуусун келтирди. Платформадагы толгон-токой мүчүлүштүктөрдөн улам бир катар ата-энелер балдарын тизмеге киргизе албай убара тартышса, бир тобу электрондук каттоодогу талаптан улам калкты тейлөө борборлоруна кайрылууга аргасыз болушту.

Ошентсе да, чүрпөсүн онлайн каттай албай калгандардын саны арбын болууда. Билим берүү министрлиги болсо жакынкы убакыт аралыгында бардык мүчүлүштүктөр чечилээрин убадалоодо.