Мектепке электрондук каттоого туруу кыйындады (видео)

1326

Мектепке электрондук каттоого тургузуу системасы сынга кабылууда. Бул кампания 15-февралга караган түнү саат 12де башталганы менен, көпчүлүк ата-энелер балдар-кыздарын кезекке тургузууга жетишпей калышкан. Айтымдарында, 2 мүнөттүн ичинде эле орундар толуп калган.

Буга нааразы болгон тараптар биринчи класстын окуучуларын каттоодо пара берүү керекпи деген суроолорду узатышып, мындай көрүнүш тиешелүү органдар тарабынан текшерилиши керек деген талаптарын коюшту. Ал арада Башкы прокуратура электрондук каттоо боюнча мектептерди текшере баштаганы маалым болду.