Мектепке кантип каттоого турса болот? (видео)

9173

1-класска бара турган балдарды электрондук каттоого тургузууда башаламандыктар жаралып, бир катар ата-энелер нааразычылыгын билдиришүүдө. Кечээ жакында министрлик электрондук каттоонун шартын өзгөртүп, процестти 2 этапка бөлгөн. Ага ылайык, алгач порталга юридикалык дареги бар жарандар гана каттала алат экен. Алардан кийин мектептердеги бош калган орундарга башкалары учурда жашап жаткан дареги боюнча каттала алышат.

Дал ушул пункт бир топ талаш-тартышты жараууда. Себеби, мисалы Бишкектин өзүндө эле катталган дареги жок, бирок балдары мектепке баруусу зарыл болгон ата-энелер арбын. Ошондой эле, укук коргоочулар министрликтин мындай кадамы балдардын укугун бузуп жатканын айтып чыгышууда.