Мектепте ата-энелер чогулткан акча кайда кетип жатат? (видео)

615

Чүй областынын Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери окуу жайдын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар лицей жетекчилигинен айына чогултулган каражаттар тууралуу отчет берүүсүн талап кылышты. Айтымдарында, алар айына 700 сомдон чогултушат.

Бирок ата-энелер ал каражаттар кайда жумшаларынан кабарлары жок экенин билдиришүүдө. Өз кезегинде окуу жайдын жетекчилиги бул аракеттер лицей директоруна карата каршы уюштурулган чагым дейт.