Мектепте смартфон, мини юбкага тыюу салынат (видео)

833

Мектепке кыска юбка, тытык жинсы шым кийип келүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова көтөрүп чыкты. Ал атайын токтом даярдап, өкмөткө жолдогон. Жаңы тартиптин сакталышын көзөмөлдөө мектеп жетекчилигине жүктөлөт. Ошондой эле, мектепке кымбат баалуу уюлдук телефон көтөрүп кирүүгө тыюу салынат. Себеби интернет көпчүлүк учурда балдарды сабактан алагды кылып, психикасына терс таасирин тийгизип жатат, дейт демилгечи. Педагогдордун айтымында, соңку жылдары балдардын сабакка жетишүүсү кескин төмөндөп кеткен.