Мектепте үй тапшырмасын жоюп салуу керекпи? (видео)

950

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын мектеп окуучулары үчүн үй тапшырмасын жоюу сунушун колдойм, деген билдирүүсү кечээтен бери кызуу талкууланып жатат. Бул демилгени колдогондор кенже класстардын окуучуларына баа коюу дагы туура эмес дешүүдө. Буга каршы чыккандар болсо анысыз дагы абалы начар орто билим берүү системасын мындай реформа ого бетер солгундатат дешүүдө. Үй тапшырмасын жоюу балдардын билим деңгээлин өтө төмөндөтүп жиберет деген пикирлер арбын. Окумуштуу-педагогдор үйдө тапшырма аткаруу — баланын өз алдынча ойлонуу жөндөмүн өстүрүү үчүн керек дешет. Бирок көпчүлүк мугалимдер аны жөн гана окуучулардын милдети катары кабыл алып, ал эми окуучулар муну ашыкча жүк катары түшүнгөн учурлар дагы жок эмес.