Мектептеги чыр: окуучунун тарбиясыздыгыбы же мугалимдин кесипкөйсүздүгүбү? (видео)

3053

Жалал-Абадда окуучуга кол көтөргөн педагог иштен кетти. Буга алып келген окуя 23-майда Сузак районунун Багыш айыл аймагынын Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгон. 7-класска информатика сабагын өтүп жаткан мугалим анын кызы менен урушуп кеткен окуучуну тынчтандырууга аракет кылганда, ал каяша айтып, буга ачууланган мугалим кол көтөрүүгө барган.

Бул окуя боюнча педагог менен окуучу суралып, Билим берүү жана илим министрлиги жагдайды иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Муну жергиликтүү милиция дагы текшерүүгө алган. Аталган факты адилеттүү иликтениши үчүн жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өттү.