Мектептеги жемкорлук: 5 млн сом акча кимдин чөнтөгүнө кеткен? (видео)

3159

Коррупциялык схема Бишкек шаарындагы №28 мектеп-гимназиясында аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 5 жыл бою класстык журналга жалган маалымат киргизилип, жасалма документтер даярдалган. Дал ушул убакыт аралыгында 10 адам мыйзамсыз түрдө китепканачы, мугалим, лаборант катары жазылган. Бирок бул адамдар иштеген эмес.

Алардын айлыктарына деп 5 миллион сом которулганы аныкталды. Аталган факты “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча каттоого алынган. Муну мектеп директору кандай түшүндүрөт?